Раимкуловдун ийгилигинин сыры эмнеде? 29 Апр, 2019 751

Кыргыз спортунда жылдызы жанган атактуу мушкер Алмазбек Раимкулов “Кид Дайманд” башкача айтканда “Кичинекей алмаз” каймана аты менен дүйнөгө белгилүү. Аталган спортчу бокс боюнча Кыргызстанда 10 ирет чемпион аталса, Түндүк Америкада 4 жолу жеңүүчү болгон. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада 4-орунга ээ болгон.