"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 10.05.2019 (21:00) 11 Май, 2019 443

1. Көк-Арттагы эки миң адамды жылуу ордунан козгоп, дүрбөткөн көк түтүн.Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү базанын 2 цистернасынан өрт чыгып, жаракат алган эки адам ооруканага түштү. 

2. Кыргыз сому - шериктеш өлкөлөр арасындагы эң туруктуу валюта. Көз карандысыз Кыргызстан - улуттук валютасы сомду кабыл алганына бүгүн 26 жыл толду. 

3. Мейманын барктай албаган тазаланганды да билбейт. Кооз жаратылышты кордоп, кадам сайын таштанды таштагандар? Айланасын мындай абалга алып келген кимдер? 

4. Көл жээгинде Шанхай кызматташтык уюмунун марафондук мелдеши өтөт. Эртең башталчу спорттук иш-чарага үлгүрүп калыш үчүн океандын ары жагынан дагы жөө күлүктөр келди.