Жумакайрык: жекшемби, 12.05.2019 (21:00) 12 Май, 2019 609

1. Келечек муундун жаркын жашоосу үчүн өмүрүн аябаган ата бабаларга жана согуштан жеңиш менен кайтып келген ардагерлерге таазим. Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына быйыл 74 жыл толуп, Жеңиш күнү Кыргызстанда жана мурдагы Советтер Союзуна кирген бир катар мамлекеттерде белгиленди. “Өлбөс полк” жүрүшү жогорку деңгээлде өттү.

2. Кыргызстан өзүнүн азык түлүк продукцияларын жана өнөр жай өндүрүшүн чет мамлекетке алып чыгуу потенциалын жогорулатат. Ушул аптада Кыргызстандын мыкты экспортеру сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү сыйланды.

3. Туризмди өнүктүрүү өлкөдө артыкчылыктуу багыттардын бири. Бул программада биз быйылкы туристтик маалга карата даярдык жана дегеле бул тармакта орун алып жаткан көйгөйлөр тууралуу кеп кылабыз.

4. Ысык-Көлдө "Жибек Жолундагы жарыш" аталышындагы 8-эл аралык марафон аяктады. 27 мамлекеттен келген жөө күлүктөр 42 чакырым аралыкка чуркап, мөрөй талашты. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюму менен биргеликте уюштурулган.