Ала-Тоо маалымат программасы: дүйшөмбү, 13.05.2019 (21:00) 13 Май, 2019 395

1. Жашыруун ишкерчилик! Ошто көмүскө иштеп жаткан кумаркана аныкталды. Далай тагдырларды талкалаган оюн жайларын ким жабат?

2. Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү: чакырыктар, келечеги жана негизги багыттары. Эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алышуу.

3. Бейишти издебе, бейишиң энең! Энелер күнүнүн алдында президент республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

4. Айылдарда банкоматтар жок. Райондун борборуна келип акча алуу үчүн узун кезек күтүп, убара тарткан күндөрдүн аягы качан тыйылат? Биздин кабарчылар жооп издеген.