Жумакайрык: жекшемби, 02.06.2019 (21:00) 2 Июнь, 2019 360

1. Евразия экономикалык биримдиги өз ишмердигин санариптик технологияларды колдонуу аркылуу өнүктүрүүнү көздөйт. Бул багыттагы иш аракеттер уюмдун беш жылдык мааракелик жыйынында негизги тема катары талкууланды.

2. Санариптик трансформация Кыргызстандын өзүндө да жигердүү жүрүп, тез ыргак менен өнүгүүдө. Өкмөттүн максаты алдыдагы жылдары кагаз түрүндө бериле турган маалымкаттарды жокко чыгарып, мамлекеттик мекемелердин маалымат алмашуусун толук электрондук түрдө жүргүзүү.

3. Өлкөнүн транспорт логистикалык тармагын өнүктүрүүдө жол курулуштарынын көлөмү өзгөчө мааниге ээ. Мындан ары жол салууда бир гана анын чакырымына көңүл бурулбастан, сапаты жана пайдалануу мөөнөтү да негизги критерийлерден болот.

4. Кыргызстанда 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул багытта президенттин колдоосу менен “Тумар” улуттук өнөктүгү ишке киргизилип, ал балдарды зордук зомбулуктан коргоо жана ата энелерге бала тарбиялоонун позитивдүү жактарын жайылтууга багытталган.

5. Миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү учурда кесип тандоо тууралуу ойлонуп жаткан чактары. Алдыдагы жылдары кайсы кесиптерге зарылчылык жогору болот жана Жогорку окуу жайлардагы кабыл алуу тартиптери тууралуу биздин кабарчылардын материалы.