Жумакайрык: жекшемби, 09.06.2019 (21:00) 9 Июнь, 2019 1153

1. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында мамлекеттик кызматтарды электрондук түргө өткөрүү жана мамлекетик маанидеги документтердин жаңы үлгүсүн ишке киргизүү аракеттери уланууда. Бул багытта мамлекеттик каттоо кызматы комплекстүү иш-чараларды алып барып жатат.

2. Борбор калаа Бишкекте Шанхай кызмтташтык уюмунун кезектеги саммитине карата акыркы даярдыктар жүрүудө. ШКУга мучо мамлекет башчыларынын жыйыны быйыл Кыргызстандын торагалыгы алдында отуп, ага 12 мамлекеттин башчылары катышат.

3. Алдыдагы жылдары Кыргызстанда 6 миңден ашык гектар жерге суу жеткирилип, айдоо аянты катары ишке берилет. Өкмөт өлкөнү туруктуу онуктуруу стратегиясында кабыл алынган программаны 2026-жылга чейин ишке ашырмакчы.

4. Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча кылмыш иши тергелүүдө, анын алкагында кармалган тиешелүү кызмат адамдарынын саны ондон ашты. Мындан сырткары Бишкек жылуулук электр борбурун модернизациялдоодогу коррупция иши боюнча аот процесси уланууда.

5. Кыргыз мушкеринин кезектеги ийгилиги. Валентина Шевченок Американын Чикаго шаарында ЮФС 238 мелдешинин алкагында атаандашы Жессика Айды жеңип, чемпиондук курун коргоду. Мушкерди жеңиши менен президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады.