"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 10.06.2019 (21:00) 10 Июнь, 2019 650

1. Кыргызстан бийик даражалуу конокторду кабыл алууга даяр! Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында даярдык иштери бүтүп калды.

Азыр чоң экрандар орнотулуп, катышуучу мамлекеттердин желектери илинип, ШКУнун эмблемасы тартылды".

2. Саммитке байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипке өттү. Бишкекте саммит күнү бир катар көчөлөргө чектөөлөр болуп турат. Жол тескөөчүлөр айдоочуларга кайрылып, каршы тилкеге чыгып, жол тыгындарын жаратпоого жана башкаларга тоскоолдук кылбоого чакырат.

3. Санариптештирүүгө уюлдук компаниялар да салым кошмой болду. Мындан сырткары уюлдук операторлор мамлекеттик органдардын өз ара документ алмашуусун камсыз кылган “Түндүк” тутумуна кошулууну максат кылууда.