Жумакайрык: жекшемби, 23.06.2019 (21:00) 23 Июнь, 2019 494

1. Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Анда мурдагы президентке алты айып коюлуп, парламент корутундуну укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөттү.

2. Бул арада Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Ушул аптада тергөө экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновдун иши боюнча иликтөө иштери аяктаганын билдирди.

3. Кыргызстан калкынын 70 пайызга жакыны айыл жерлеринде жашайт жана алардын негизги киреше булагын айыл чарба тармагы түзөт. Өкмөт айыл чарба министрлигин реформалар, дыйкандарга реалдуу түрдө көмөк көрсөтүү аракетин жасоодо.

4. Миллиарддаган долларлык келишимдер. Кыргызстан Кытай жана Индия менен болгон ар тараптуу кызматташтыгын күчөтүп, анын ичинен айыл чарба азыктарын экспорттоо, медицина, туризм, билим берүү жана айти тармагында алаканы бекемдейт.