Социум: Воды нужно беречь 24 Июнь, 2019 422

1. Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага жиберилди. Экс-президентке коюлган айыптоолор боюнча аталган комиссиянын чечимин 100 депутат колдогон.

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги узарды. Борбор эми эми таңкы 8ден кечки 7ге чейин иштейт.

3. Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги бүгүн түштө Аламүдүн дарыясынан 16 жаштагы кыздын сөөгүн тапканын кабарлады. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө, кыз дарыя боюнда сүрөткө түшмөкчү болуп, сууга кулап кеткен.

4. Жалал-Абадда дарбыз бышып, жыйнала баштады. Дыйкандардын айтымында, быйыл баа өткөн жылга салыштырмалуу төмөн.