"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 27.06.2019 (21:00) 27 Июнь, 2019 551

1. Атамбаев кол тийбестиктен ажырады. Бүгүн Жогорку Кенештин 103 депутаты аны экс-президент макамынан ажыратууга макул болду. Ал арада расмий Кремль Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышын Кыргызстандын ички маселеси деп эсептей тургандыгын да билдирди.

2. Тышкы коркунучтарга биргеликте каршы туруу учур талабы. Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйыны өттү. Анда терроризм, экстремизм, баңгизаттарын мыйзамсыз ташуу өңдүү орчун маселелер талкууланды.

3. Айдоочуларга жаңылык... Жакында транспорт каражаттарын каттоонун жаңы үлгүдөгү күбөлүгү берилип баштайт. Сапаты мыкты болгон бул документти жасалмалаганга мүмкүн болбой турганын адистер айтышууда.

4. Эрте бышкан, кирешеси берекелүү мөмө-жемиш. Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагында кара өрүктүн алгачкы түшүмү жыйналып, жогорку баада сатыла баштады. Быйыл дыйкандар кара өрүктүн түшүмүнөн жакшы пайда таап алсак деп турушат.