Ростов-на-Дону шаарында «Кыргыз боз үйү» деп аталган фестиваль өттү 1 Июль, 2019 615

Ростов-на-Дону шаарында, Темерник базарынын аймагында «Кыргыз боз үйү» деп аталган фестиваль болуп, анда меймандостук мыкты деңгээлде чагылдырылды. Бул жерди уюштуруучулар бекеринен тандаган эмес, анткени базарда иштегендердин көбү кыргыздар.

Фестивалдын алкагында кыргыз ашканасынын ачылыш аземи дагы болду. Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылынын усталарынын колунан жаралган 3 боз үй тигилди. Бул жерде эми ар дайым эт азыктарынан даярдалган улуттук тамак аш менен суусундуктар кардарларга тартууланып турмакчы. Бул саамалык мигранттар менен шаар тургундарына өзгөчө жакты.