"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 01.07.2019(21:00) 1 Июль, 2019 530

1. Кыргыз-кытай кызматташтыгы калааларды жакшыртууга каалга!

Ош шаары менен Кытайдын өнүккөн үч шаары өз ара байланышып, өркүндөтүү өрнөгү болчу келишимге жетишти.

2. Кырсыктагандын бар үмүтү - кудайдан кийин эле куткаруучу!

Жанын жалынга таштап, топон сууга тобокелдеп кирип, ажал менен алпурушкан ардактуу адистердин кесиптик майрамы!

3. Мурдагы мэрлердин сотунда жабырлануучу тарап сурала баштады.

Алгач «Дастан» ишканасынын өкүлү, жабдууларды сатып алуудан келтирилген чыгым 470 000 доллар деген көрсөтмө берди.

4. Кара күчтүн эле эмес, калк камынын да балбаны Каба уулу Кожомкул!

Кадырлуу инсандын 130 жылдык мааракеси, эл биримдигин , ынтымак, достукту даңазалады.