"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 03.07.2019(21:00) 3 Июль, 2019 636

1. Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин алешемдигин "Азаттыктын" кабарчысы ашкерелегенден кийин, 40 миллион сомдук салыктын кымырылганы ачыкка чыкты.

2. Бала ырыскысы менен төрөлөт!

Сүйүнчү алуунун тартиби жеңилдеп, бешик боону бекемдечү каражат эки күндөн кийин эле берилмей болду.

3. Таза суу болбосо, таңдай такылдап, тиричилик татаалдайт!

Нарындагы Лахол айылына таза суу тартылды. Мамлекеттен 18 миллион сом бөлүнүп, жыл айланбай иш жыйынтыкталды.

4. Кырманга кызыл төгүлүп, кызыган дыйканчылык маалы!

Баткен районунда арпанын алгачкы оруму башталды