"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 05.07.2019 (21:00) 5 Июль, 2019 512

1. Аалам айлантып, дүйнө кездирген аба каттамдарынын арбын болгону жакшы! Шарджа - Бишкек - Шарджа жаңы аба каттамы ачылды. "Air Arabia" компаниясынын учагы эми жумасына төрт ирет каттайт.

2. Эс алуу маалында, эл коопсуздугуна эселеген көзөмөл! Көчмө кайгуул милиция пункттары ишке кирип, Боом капчыгайында, Төө-Ашууда күнү-түнү нөөмөттө турушат. Тез жардам менен куткаруучулар да дайындалды.

3. Жоругу жаман жолбун иттерден абайлаңыз! Араванда кароосуз ит тиш салган 7 киши ооруканага жаткырылды.