"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 15.07.2019 (21:00) 15 Июль, 2019 515

1. Зарыл ишиң болбосо да, Баткенге бир барып кел. Зардалы менен байланыштырган жалгыз көпүрө ашар жолу менен бүткөрүлдү.

2. Экономиканын өзөгүн түзгөн жолдор сапаттуу курулса, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Кыргызстандын ички дүң продукциясы жыл башынан берки алты айда былтыркы жарым жылдыкка салыштырмалуу 6,4 пайызга өстү.

3. Кыргызстанда сейрек кездешүүчү операция жасалды. Дарыгерлер 75 пайызы жабыркаган бейтаптын органын сактап гана калбастан, аны толук кандуу жашоого алып келишти.