Кыргызстан- Казакстан кызматташтыгы 17 Июль, 2019 426

Кыргызстан-Казакстан кызматташтыгы айрыкча соода-сатык мамилелеринде жана айыл чарба товарларын экспорттоодо өтө маанилүү. Бул тууралуу жакында коңшу өлкөнүн премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарында да кеңири талкуу болду. 

Ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда бир топ керектүү документтерге да кол коюлду. Биз бүгүн бул багытта түздөн түз иш алып барган мекеме өкүлдөрү менен маектештик. 

Уктурууга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси  Жигитали Жумалиев, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башкармалыгынын жетекчиси  Манас Майканов, өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун орун басары Болот Жуманалиев жана КР транспорт жана жол министрлигинин автотранспорт агенттигинин эл аралык ташуулар бөлүмүнүн башкы адиси Калиман Наматказиева  катышты.