Диплом, аттестаттагы каталар 26 Июль, 2019 408

Коомчулукта эки ирет ката жазылган диплом жана мектептерде ката басылган аттестат берилиши чоң талкуу жаратууда. Документтерди “Учкун” акционердик коому басып чыгарганы менен жоопкерчилик билим берүү жана илим министрлигинде болушу керек деген пикирлер да басымдуу. 

Анткени басылып жаткан документти улам текшерип, эми жалпы басууга жарайт деген чечимди министрлик кабыл алышы керек. ЖОЖдордун жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн диплом, аттестаттарын даярдоо, басмаканага тапшыруу кандай тартипте жүрөт? 

Мындай каталарды кетирбөө үчүн эмне кылыш керек, кайсы тарап жоопкерчиликти алышы керек?

Уктурууга “Учкун” АКнун бөлүм башчысы Нуржамал Женалиева жана КР билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы катышууда.