"Күндүн темасы": суудан ажал тапкан адамдардын саны былтыркыдан көп 30 Июль, 2019 256

Жайдын аптабы кайта элек. Ысыктан улам сууга түшүп эс алууну каалагандардын саны көбөйүүдө. Тилекке каршы сууга чөккөндөр да азайбай жатат. Куткаруучулар саат сайын сак болууга чакырып коңгуроо кагууда. Кыргызстанда быйыл суудан ажал тапкан адамдардын саны былтыркыдан көп. Адамдар сууга түшүүгө тыюу салынган жерде чөгүп кетип жатышат. Сууда сүзгөндү билбей туруп, өмүрүн тобокелге салгандар да бар. Сууга чөгүүнүн алдын алуу жана азайтуунун жолдору кандай?

Уктурууга КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов жана Мамлекеттик экотехинспекциянын транспорттук коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Аскербек уулу Улан катышууда.