"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 06.08.2019 (21:00) 6 Авг, 2019 309

1. Жергиликтүү калктын да, инвестордун да кызыкчылыктарын эске алуу менен абалды жөнгө салуу керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги жагдай боюнча кеңешмеде билдирди.

2. Ош облусунда калкты ичүүчү суу менен камсыздоо иштери кызыды. Быйыл бул багытта дубандагы 15 обьектиде иш жүрүүдө.

3. 9-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Анын күн тартибинде он бешке жакын маселе каралаары айтылууда.

4. Кайгуул милиция башкармалыгына кабыл алуу сынагынын 2-баскысы башталды. Каалоочулар 24-августка чейин документтерин тапшырса болот.