Жумакайрык: жекшемби, 18.08.2019 (21:00) 18 Авг, 2019 568

1. Өлкө аймагында ири өндүрүш ишканаларынын көбөйүшү четтен инветсорлордун көп келишин шарттаса, экинчи жагынан алардын аракети аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатат. Ушул аптада Жалал-Абад облусундагы бир катар алтын кен компагияларынын иши менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Аыблгазиев таанышты.

2. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда жасалып жаткан иштер. Ала-Тоо 24 каналынын кабарчылары өлкө аймактарын кыдырууну улантууда, бул жолу Нарын дубанында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылмакчыбыз.

3. Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жалпы 14 кылмыш иши боюнча айып такты. Анын ичинде массалык башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүүгө катышуу жана коррупция сыяктуу оор беренелер бар. Бул арада Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланды.

4. Жаңы окуу жылына карата даярдык. Учурда өкмөт өлкө аймагында мектеп жетишсиздигин жоюу аракетин улантууда. Быйыл 1-сентябрга карата 9 жаңы мектеп ишке берилсе, жыл соңуна чейин дагы 39 мектептин курулушу аяктайт деп күтүлүүдө.