Жумакайрык: жекшемби, 25.08.2019 (21:00) 25 Авг, 2019 276

1. Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга болгон жумушчу сапарлары уланууда. Бул жолу өлкө башчысы Нарын облусунда болуп, Нарын шаарында кайра иштетүүчү ишканалардын, инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Ак-Талаа районунда болсо жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйүн өз ооздорунан укту.

2. Аймактарды өнүктүрүү саясатынын негизги максаты- ар бир облус, райондордун жана айыл аймактарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ала-Тоо 24 каналынын кабарчылары аймактарды кыдырууну улантууда, бүгүнкү программада Чүй облусунда жасалып жаткан иштер тууралуу айтып бермекчибиз.

3. Союз маалында дүркүрөп өнүккөн ири ишканалардын бири болгон Бишкек штамп заводу кайрадан өндүрүш иштерин жанданып, мамлекетке киреше бере баштады. Борбор Азия чөлкөмүндө атуучу куралга ок дары чыгара турган жалгыз ишкананын азыркы абалы менен кабарчыларыбыз тааншып келди.

4. Салтка айланып калган мугалимдердин август конференциясы быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Анда учурдун башкы талабы - билимдүү адамды тарбиялоо урааны айтылып, жыйында Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты, агартуу тармагынын кызматкерлеринин социалдык абалы кеңири талкууга алынды.