"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 04.09.2019 (21:00) 4 Сент, 2019 328

1. "Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат.  Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок",  -  мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканда билдирди.  

2. Жогорку Кеңештин  депутаттары кезектеги жетинчи сессиянын алгачкы жалпы отурумуна чогулду. Алдыда эл өкүлдөрү калктын көйгөйлүү делген  маселелерин талкуулайт. 

3. Гульмира Кудайбердиева берген арызына ылайык, Билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулду. 4. Көгүлтүр от көпчүлүккө жеткирилет.    “Бишкек - Кант - Токмок” магистралдык газ өткөргүч-буруп кетме жана “Токмок” газ бөлүштүрүүчү станциясы иштей баштады.