Жумакайрык: жекшемби, 15.09.2019 (21:00) 15 Сент, 2019 315

1. Өлкөнү санариптештирүү чараларынын алкагында дагы бир катар мамлекеттик кызматтар электрондук ыкмага өткөрүлдү. Алар кыймылсыз мүлккө салык төлөө, юридикалык жана жеке жактарды каттоо, аны менен бирге мамлекеттик каттоо кызматынын кызматтарына тиешелүү. Жаңы кадамдарды программанын жүрүшүндө талкуулайбыз.

2. Баткен облусундагы кыргыз тажик чек ара аймактарында абал тынч. Учурда эки мамлекеттин тиешелүү мамлекеттик мекеме жетекчилери чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ага катар Жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

3. Кыргызстанда калкты турак жай менен камсыз кылуунун шарттары дагы да жеңилдейт. Ипотекалык насыя бир гана бюджеттик мекемелердин кызматкерелирне эмес, бардык жарандарга берилип, насыянын үстөк пайызын 6 пайызга чейин төмөндөтүү маселеси каралып жатат.

4. Кыргызстанда кышкы маалга карата камылга толук кандуу журүп жатат. Кышында электр жарыгын үзгүлтүксуз берүүгө аракеттер көрүлүп, мамлекеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу иштерине өзгөчө маани берилип жатат.

5. Талас облусунда 16-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндары башталат. Дубанда жогорку деңгээлдеги иш-чарага акыркы даярдыктар көрүлүп бүттү. Көчмөн оюндарына быйыл 500дөн ашык спортчулар жана эки миңдей маданият кызматкерлери катышаары күтүлүүдө.