"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 30.09.2019 (21:00) 30 Сент, 2019 189

1. Президент Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышат.

2. Мугалимдердин маянасы 30 пайызга жогорулады. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

3. "Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден тартып Бишкекте жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар 50 %га төмөндөдү.

4. ЮНЕСКО өкүлдөрү Кыргызстанды Сулайман-Тоонун абалына көңүл бурууга чакырууда. Тоонун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар жөнгө салынбаса аны маданий мурастардын тизмесинен чыгарып салуу маселеси жаралат.