"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 04.10.2019 (21:00) 4 Окт, 2019 227

1. Кыргызстан санариптик трансформациялоо боюнча аймактагы лидер мамлекетке айланышы керек. Мындай пикирди “Борбор Азиядагы санариптик трансформация” эл аралык конференциясында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

2. Өнүгүүнүн жаңы кадамы. Ишкерлерди колдоого багытталган “Евразия жумалыгы” өз ишин жыйынтыктады.

3.Мугалим - мөмөлүү дарак. Агартуучулардын кесиптик майрамын утурлай ишинде ийгилик жараткан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.

4. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы кол койду.