"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 09.10.2019 (21:00) 9 Окт, 2019 182

1. ЖЭБде Оңдоо жумуштары дээрлик аяктады. Болжол менен ноябрь айынын башында Бишкектиктерге жылуулук берилет деп турушат. 

2. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча элчилердин активдүү иши кубатталат. Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда дипломатиялык ишмердигин баштаган бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алганда билдирди.

3. Өлкөдө жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында мамлекет аймактагы элдин жашоо-турмушун жакшыртууга көңүл буруп, бир катар алгылыктуу иштер жасалууда.

4. Кыргызстан ЕАЭБге кошулганы дыйкандар үчүн өстүргөн жашылча-жемишин түз сата турган рынок табылды.