"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 10.10.2019 (21:00) 10 Окт, 2019 214

1. Кыргызстандын 5 миллиард долларга чейин инвестиция тартууга мүмкүнчүлүгү бар! Бишкек инвестициялык форуму, миңден ашуун ишкер жана чет элдик белгилүү компаниялардын башын бириктирди.

2.Биргелешкен машыгуу - бирдиктүү күчтү чыйралтат! Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын алгачкы биргелешкен машыгуусу өттү.

3.Жыл аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 100гө жакын кызмат электрондук үлгүгө өтөт. 

4. Манасчылардын кийинки муунун өстүргөн өрнөктүү инсан! Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата илимий конференция өттү.