"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 22.10.2019 (21:00) 22 Окт, 2019 158

1. Президент Сооронбай Жээнбеков, Японияга болгон иш сапарынын алкагында Император Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Өлкө башчысы, ошондой эле Токио шаарында окуп жана эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуп, баарлашты.

2. Акыркы 2 жылда өлкөдө 300дөн ашык социалдык мекемелердин курулушу бүткөрүлүп, ишке берилди. Мектеп курулуштарына коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар да жумшалууда.

3. Борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры толук оңдоодон өтүүдө. Ага казнадан 47 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери 55 жылдан кийин биринчи жолу жасалууда.