Жумакайрык: жекшемби, 27.10.2019 (21:00) 27 Окт, 2019 152

1. Кыргыздын чыгаан уулу, совет доорундагы ири мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз совет мамлекетинин негиздөөчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чара анын кичи мекени- Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.


2. Кыргызстан тышкы саясатында жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташтыкты түзүп, ар тараптуу алаканы өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Бул жолу кыргыз жапон кызматташтыгы тууралуу кеңири сөз болот.


3. Кыргызстан мындан 4 жыл мурун дүйнөдөгү эң ири экономикалык уюмдардын бири болгон- Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирген. Ушул аптада Орусиянын Москва шаарында биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары чогулуп, күн тартибинде турган маселелерди талкуулашты.


4. Быйыл Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы өтүүдө. Өлкө санариптик трансформациялоо багытында аймактагы лидер мамлекетке айланышы керек, бул - өлкөнүн санариптик мамлекет куруудагы башкы максаттарынын бири. Ошондой эле санариптик өнүгүү, ага “Альфа Телеком” уюлдук байланыш компаниясынын салымы тууралуу мамлекеттик ишкананы жетекчиси Акылбек Жамангулов менен студияда маек курмакчыбыз.