"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 29.10.2019 (21:00) 29 Окт, 2019 159

1. Бишкектин четиндеги жаңы конуштарды газ менен камсыздоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул ирет Аска-Таш конушундагы 260 үйгө көгүлтүр от берилди.

2. Аймактарды таза суу менен камсыздоо уланууда. Кийинки жылы Ноокен районунун Сай-Бою айылынын эли ичүүчү суу көйгөйүнөн кутулат.

3. Бишкекти кайрадан жашыл шаарга айлантуу. Жакынкы жылдары борбордо эки жаңы сейил бак ачылат.

4. Өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз эмгегин арнаган белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция Ош шаарында өттү.