Жумакайрык: жекшемби, 10.11.2019 (21:00) 10 Нояб, 2019 473

1. Өлкөнү санариптештирүү алкагында "Эркештам" көзөмөл өткөрүү жайына инспектордук-кароо комплекси орнотулду. Бул тутум оор жүк ташуучу унааларды ылдам өткөрүүнү жана коррупциянын алдын-алууга шарт түзөт.


2. Өткөндөр даңталмайынча, тирүүлөр баркталбайт. Өтүп бараткан жумада тарых жана ата-бабалар эскерилди.


3. Мамлекеттин кышын кыныган көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Анын ысымы президенттин демилгеси менен Күрп-Сай ГЭСине берилип, Нарындын борбордук аянтына айкели орнотулду.