"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 18.11.2019 (21:00) 18 Нояб, 2019 241

1. Айыл берекеси ааламды багат!

Эки жылдан берки элетти көтөрүү, аймактарды алгалатуу аракеттери натыйжа берүүдө.

2. Агартуучулар жогорулатылган айлык маянасын алышты.

Баткенде 30 пайызга арбыган айлык тийсе, Нарында педагогдордун алды 50 миң сом эмгек акы алышты.

3. Айып пулду азайтуу сунушу каралууда.

Жол эрежелерин бузуудагы айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи кароосунан өтүп жатат.

4. Спорттун ийгилиги - күчтүү колдоодон, эрктүү азаматтардан көз каранды.

Быйыл мамлекеттик казынадан спорт тармагына 935 млн сом бөлүнүп берилген.