"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 19.12.2019 (21:00) 20 Дек, 2019 918

1. Жемкорлукту ооздуктоо өлкөнүн негизги багыттарынан. Быйыл 14 миңден ашык аткаминердин материалдары прокуратурага жиберилип, мамлекетке 23 млн. сомдон көп чыгым алып келген иштер аныкталган.

2. Жарандардын жумушун жеңилдетүүгө болгон аракеттер. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында быйыл калкты тейлөөчү беш борборду ишке киргизди. Эмки жылы мындай борборлор бир нече аймакта да ачылат.

3. Кыргыз энергетикасына 85 жыл. Өлкөнү өргө тартып, жарык тартуулаган тармактын өткөнү менен келечеги бүгүнкү чыгарылышта.