"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 20.12.19 (21:00) 20 Дек, 2019 276

 Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары кандай документтерге кол коюшту?

 Өлкөнү санариптештирүү боюнча быйыл кандай иштер аткарылды? Электрондук кызмат көрсөтүүлөр натыйжалуу болуп жатабы? Бул багытта жетишилген ийгиликтерге токтолобуз.

 Көгүлтүр от көйгөйү жоюлуп, көпчүлүккө газ жетүүдө. Өлкөнү газдаштыруу иштериндеги ийгиликтер менен алдыга коюлган арыштуу кадамдар...

 Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка кайсы социалдык мекемелер курулуп жатат? Мамлекеттин мектеп жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракеттери туурасында аздан соң...