Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны (толугу менен) 25 Янв, 2020 378

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтты. Мамлекет башчы айрым учурларда, чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, чечимдерди аткаруу үчүн ченемдик укуктук актылардын өзүнчө долбоорлорун иштеп чыгуу жана аны бекитүүнүн мөөнөтү мамлекеттик органдар тарабынан эч негизсиз создуктурулууда. Чечимдер кабыл алынгандан кийин иш солгундап, же такыр токтоп калган учурлар да бар.