"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 07.02.2020 (21:00) 7 Фев, 2020 251

1. Ошто мамлекеттик мекемелер интернет менен толук камсыздалып, калкка кызмат көрсөткөн мекеме-ишканалардын 55 пайызы "Бирдиктүү терезе" долбооруна өттү.


2. Былтыр өкмөт республиканын аймактарын аралай өткөн 335 чакырым эл аралык транспорт коридорун оңдоого каражат бөлгөн. Президенттин ар бир райондун борборунда 3 чакырымдан жолду асфальттоо тапшырмасы аткарылды.


3. Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбор Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн гана иштейт. Бул тууралуу Премьер-министрдин катышуусунда өткөн коллегияда айтылды.