"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 12.02.2020 (21:00) 12 Фев, 2020 245

1. Президент бизнести коргоо менен бирге ишкерлерди да өз миссиясын ак ниет аткарууга чакырды. Бүгүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин экинчи жыйыны өттү.

2. Экспортко чыгып жаткан ишкерлер эл аралык талаптарды сакташы керек. Эрежелердин бузулушу эмнеге алып келет, дагы кандай жол-жоболор бар? Кабарчыбыз айтып берет.

3. Интернет аркылуу ириген маалымат тараткандар жоопко тартылат. ИИМ Ат-Башы районуна курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборго байланыштуу чагымчыл аракеттерди жасагандар мыйзам алдында жооп берерин эскертти.

4. Коронавируска каршы чаралар дале уланууда. Кытайдан Кыргызстанга кирген оор жүк ташуучу унаалар экинчи ирет дезинфекцияланды.