"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 25.02.2020 (21:00) 25 Фев, 2020 215

1. Сансыз түйшүктөн арылткан “Санарип Аймак” платформасы сегиз айыл өкмөттө иштеп жатат. Жакынкы келечекте электрондошуунун жеңилдиктерин ар бир жаран сезе баштайт. Президент бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алып, санариптешүүнү аймактарга жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

2. Былтыр саламаттык сактоодо кандай саамалыктар орун алды? Министрлик бул тармактагы жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыда аткарыла турган иштер менен тааныштырды.

3. Кыргызстан - Россия. Кызматташтыктын жаңы барактары ачылууда. Эки күндөн кийин эки өлкөнүн эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш аземи өтөт. Акыркы даярдыктар менен кабарчыбыз тааныштырат