"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 28.02.2020 (21:00) 28 Фев, 2020 373

1.Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы визиттин алкагында бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

2. 1-марттан тарта мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

3. Аймактардагы ишкерлерге бериле турган каражаттын көлөмү кеңейтилет. Каржы мекемелери жер-жерлердеги долбоорлорду кабыл алууга даяр.

4. Ош облусунун Араван, Ноокат райондорунда мөмө-жемиш бактарын бутоо өнөктүгү аяктап калды.