"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 12.03.2020 (21:00) 12 Март, 2020 964

1. Жыл башынан бери Баткен районунда кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоонун көлөмү 100 тоннадан ашты. Айыл чарба азыктары АКШ, Түркия жана Орусия өлкөлөрүнө сатылууда.


2. Өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү. Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында борбор калаадагы адамдар көп жүргөн жерлерде дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.


3.Санариптештирүүнүн алкагында курулуш тармагына тиешелүү бирдиктүү маалымат базасы түзүлүүдө. Ага өлкө аймагындагы баардык мекемелердин имараттары камтылат.