"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 13.03.2020 (21:00) 13 Март, 2020 476

1. Кыргызстанда негизги керектелүүчү азыктарга болгон бааларда кескин өзгөрүү жок. Өлкө боюнча бардык азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө.

2. Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

3. Бүгүндөн тарта өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталды.

4. Ишкерлер электрондук тутум менен иштөөнү үйрөнүүдө. Апрель айынан тарта кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товар импорттоп, экспортоочулар элекрондук эсеп-фактураларын милдеттүү түрдө колдоно башташат.