"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 19.03.2020 (21:00) 19 Март, 2020 870

1. Коронавирустун Кыргызстанда пайда болушунан улам, киреше-чыгашалардын болжолу кайра каралып жатат. Аткаруу бийлиги казынада канчалык кыйынчылык жаралса да, социалдык төлөмдөр кечиктирилбей, өз убагында, жетиштүү көлөмдө төлөнүшү керек деп эсептейт.

 2. Карантинге алынган Сузак районундагы Бостон, Орто-Азия жана Благовещенка айылдарында жарандар менен унаалардын кирип-чыгуусуна тыюу салынды. Тартипти көзөмөлгө алуу үчүн жерине кошумча күч тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чектөөгө алынган аймакты толук дезинфекциялоодон өткөрдү

4. Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук ресурсту ишке киргизди. Мындан ары шайлоого байланыштуу баардык маалыматтар Боршайкомдун расмий сайтына жайгаштырылып турмакчы.