"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 31.03.2020 (21:00) 1 Апр, 2020 983

1. Өлкө башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска каршы күрөшүү штабынын ишин сынга алып, ага канааттандырарлык эмес деген баасын берди.

2. Кыргызстанда коронавирусту дагы 13 адам жуктуруп алды. Өлкө боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 107 кишиге жетти.

3. Жаздын бир күнү бир жылга тете. Жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат. Араванда редиска бышып, базарларда сатылып жатса, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда үрөн себүү иштери башталды.