"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 6.04.2020 (21:00) 7 Апр, 2020 948

1.6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын баары обсервацияда болгондор.

2. Мамлекеттин материалдык резервдер фондунан 230 тонна ун Ош облусундагы муктаж үй-бүлөлөргө берилди. Гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү үчүн аймакта элдик комиссия иш алып барууда.

3. Пенсия өз убагында берилет.  Каражатты почта кызматкерлери жеткирээрин, Социалдык фонд кабарлады.

4. Жазгы талаа иштери өз ыргагында. Өлкө аймагы боюнча 291 миң гектар аянт айдалып- себилди.