"Ала-Тоо" маалымат программасы: шейшемби, 07.04.2020 (21:00) 8 Апр, 2020 885

1. Кыргызстанда соңку суткада коронавирусту дагы 12 адамга жукканы аныкталды. Оору жаңы аныкталган адамдарды үчөө - эркек, тогузу - аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.

2. Апрель элдик революциясына он жыл. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Апрель баатырларына тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

3. Жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар өз убагында толук кандуу төлөнөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

4. Бишкек шаарында 1 миң 756 жаран обсервация жана үй карантининде жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.