"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 10.04.2020 (21:00) 11 Апр, 2020 1460

1.Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус дагы 18 адамдан аныкталды. Илдетке чалдыккандардын саны 298ге жетти.

2.Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз жыйыны өтүп, президент коронавирустун жайылышы, кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир арат сунуштарды айтты.


3.Коронавирусту жеңген Кытай эми аталган илдет менен күрөшүп жаткан башка өлкөлөргө жардам колун сунууда.Кытайдан келген бул жардам Тышкы иштер министрлиги жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.


4. Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары башталды. Быйыл 38 миң 630 гектар аянт айдап-себилсе, арбынын кылкандуу дан эгиндери, көп жылдык чөп ээлейт.