"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 23.04.2020 (21:00) 24 Апр, 2020 801

1. Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 300дөн ашты. Соңку суткада 48 адам айыкса, вирусту жугузган 19 жаңы учур катталды.

2. Өзгөчө абал шартында коомдук тартипти камсыздоонун мааниси чоң. Президент ички иштер министрин кабыл алып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат алды.

3. Чет жердеги мекендештерди мекенине алып келүү иштери улантылууда. 176 кыргызстандык Россиядан келип, дароо обсервацияга алынды.


4. Ааламга атагы таанылган улуу талант. СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгын утурлай, анын чыгармачылыгы менен өрнөктүү өмүрү эскерилди.