"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 15.05.2020 (21:00) 16 Май, 2020 700

1. Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду. Ал эми акыркы суткада ковид-19га чалдыккан 29 жаңы учур катталды.

2. Германиядан 59, Түркиядан 330 кыргызстандык мекенине келди. Алар дароо обсервацияга жеткирилди. 

3. Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд сомго чейин төмөндөйт деп болжонду. Өкмөт учурда өзгөчө абалдан улам чыккан таңсыктыкты толтуруу аракетин көрүп жатат.

4.Ош шаарында санитардык-коопсуздук чаралары күчөтүлүп, соода жана курулуш жайлары текшерилип жатат. Эрежени сактабаган ишканалар жабылды.