Кыргызстан жаңылыктары / 21:00 / 17.06.2020 / Ала-Тоо 24 17 Июнь, 2020 517

1. Парламент бүгүн өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Жогорку Кеңешке министрлер кабинетин бул жолу Кубатбек Боронов жетектеп келди..

2. Акыркы суткада коронавирус дагы 90 кишиден аныкталса, анын 36 кайдан жуктуруп алганы белгисиз.
3. Электрондук жазылуу тутумуна Бишкектеги бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кошулган. Дарыгердин кабыл алуусуна портал аркылуу 65 миңден көп жазылуу болду.

4 .Белгилүү ырчы, дастанчы Малик Аликеев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинди. Ага президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.