"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 27.07.2020 (21:00) 27 Июль, 2020 1072

1. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды Президент Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешмеде талкуулады.

2. 30-июль Улуттук аза күтүү күнү. Тиешелүү Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду

3. Ысык-Көл облусунда өпкөнүн сезгенишинен жабыркап жаткан бейтаптар үчүн кычкылтек станцияларын орнотуу иштери жүрүүдө. Ушул тапта эки шаар жана төрт райондук бейтапканада кычкылтек станциялары коюлуп ишке берилди.

4. Мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам Баткендеги Кадамжай районунун Орозбеков жана Көтөрмө айыл өкмөттөрүндө сел жүрдү. Анын кесепетинен ички жолдор, электр энергиясы жана эгин талаалары зыянга учурады.